14.08.2019 12:18

Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановго кылмыш иши ачылды

Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановго кылмыш иши ачылды

Ички иштер министринин мурунку орун басары Курсан Асановго кылмыш иши ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 14-августта Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Ички иликтөө кызматынын Курсан Асановдун мыйзамсыз аракеттери боюнча жүргүзгөн иликтөөсүнүн жыйынтыгы Башкы прокуратурага келип түштү.

«Ага ылайык, 7-8-август күндөрү ИИМ министринин мурунку орун басары, генерал-майор Курсан Асанов ИИМ министринин буйруктарын аткарбастан, аны менен кеңешпей туруп ИИМдин кызматкерлерин башкаруусуз, коркунучта калтырып, мыйзамды одоно бузган. Мындан сырткары, далил буюмдарды жана тергөөгө керектүү документтерди жашыруу менен жазык-процессуалдык мыйзамдарды сактаган эмес. Кызматтык иликтөөнүн материалдары иликтенип чыгып, чогултулган материалдардын негизинде «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш иши ачылып, Аскер прокуратурасына сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүү өткөрүлдү. Учурда тажрыйбалуу тергөөчүлөрдөн тергөө тобу түзүлүп, тергөө амалдары жүрүүдө», - деп айтылат маалыматта.